Бүгүн, 1-июнда саат 09:21де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.
Сейсмология институнун маалыматына ылайык, жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.