Издөөдө жүргөн, “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар Өзбекстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн.
М.З. аттуу жаран Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.
Учурда тергөө жүрүп жатат.