7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта имамга жаңы үй салып беришти (ФОТО)

721

Таласта Сүйүнбай Шекербековдун демөөрчүлүгү менен Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге жаңы, заманбап турак-жай салып берилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Облус казысы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге колдоо көргөзүп, турак-жай салып бергени үчүн демөөрчүгө ыракмат айтып, казыяттын атынан ыраазычылык кат тапшырды.

«Сүйүнбай агабыздын жасаган бул жакшылыгы бардык мыктыларга үлгү, себеби берекелүү ыйык Рамазан айында имамды үй-бүлөсү менен кубантып, үй белек кылып жатат. Бул белек имамга дем-күч берип, мындан ары да эл үчүн мыкты кызмат кылышына шарт түзөт. Негизи эле имамдар күн-түн дебей эл кызматында. Айлык маянасы жок иштешет, андыктан биздин имамдарга ар дайым ар тараптуу колдоо керек. Жараткан бул жакшылыктын сыйлыгын бейиште чоң-чоң сарайлар менен кайтарат деп ишенебиз», – деди облус казысы.

Ал эми айыл имамына үй белек кылган демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков: «Кудайга шүгүр, мечиттерибиз заманбап, ар бир айылда эки-үчтөн мечиттерибиз бар. Эми мечитти иштетип, эл кызматын кылган имамдарга көңүл буруп, алардын жашоо шарттарын жакшырта турган мезгил келди», – деп билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722