7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Издөө салабыз! Баткенде 15 жана 12 жаштагы бир туугандар дайынсыз

3448

Баткен районунун Бужум айыл аймагынын Ынтымак айылынан 15 жаштагы Айназик аттуу кыз менен анын бир тууган иниси 12 жаштагы Ариет 13-июлдан бери дайынсыз. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар кечки саат 18:30 чамаларында өзүлөру жашаган үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Бул факты боюнча Баткен РИИБнүн КЖБРне дайынсыз жоголуу деп катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Ариеттин үстүндөгу киймдери белгисиз, астында боз түстөгү шым, бутунда ак кара түстөгү  жайкы бут кийим болгон. Ал эми Айназиктин бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим, шым, бутунда кара түстөгү бут кийим кийип чыккан.

Белгилери: Бою 150-155, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара узундугу 30-40 см.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жарандарды  таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.

Байланыш үчүн номерлер 03622 (5 17 56)0774 77 86 88 0709 73 66 37

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3449