Республикалык штаб вакцинаны бөлүштүрүү, жеткирүү жана сактоо алгоритми боюнча маалымат таратты.
Маалым болгондой, алынып келинген вакцина облустардагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жеткирилет.
Ал эми, вакцинаны жеткирүү “муздык чынжыр” аркылуу жүргүзүлөт – ар бир этапта температураны кармоо талап кылынат, ал үчүн атайын авторефрижераторлор жана атайын муздаткыч жабдуу (термоконтейнерлер, муздак камералар, ташып жеткирүүгө ылайыкталган сумкалар) колдонулат.
Вакцина облуска жеткирилгенден кийин алар муздак бөлмөлөрдө +2 +8 С° температурасында сакталып, убактылуу эмдөө пункттарына бардык санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо менен бөлүштүрүлөт.