7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда сел агызып кеткен 2,5 жаштагы Фатиманын сөөгү табылды

3257

Аксыда сел агызып кеткен 2,5 жаштагы Фатиманын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июлда саат 10:30 чамасында Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында 2018-жылы туулган Ф.Т.нын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Учурда 2016-жылы туулган К.А. аттуу баланы издөө иштери уланууда. Издөө иштерине ӨКМден 15 куткаруучу, Аксы райондук РИИБден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

12-июлда Аксы районунун Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында нөшөрлөп жааган жаан жана кокту-колоттон түшкөн суу сел болуп, Жолборсту айылындагы көпүрөнү, ички жолду алып, 8 адамдын өмүрүн кыйды.

6 жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Кечээ, 14-июлда 6 кишиден айрылган Нурбек Шайымбеков апасын, карындашын, кызын жана эки жээнин жерге берди. Ал эми 2,5 жаштагы кызынын сөөгү бүгүн табылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3258