7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвадагы массалык мушташка катышкан 6 мигрантка сот өкүмү чыкты

1718

Сот Москвадагы мушташка катыштыгы бар мигранттарды 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кузьмин  райондук соту “Кузьминки” метросунун жанындагы массалык мушташтын алты катышуучусун, Кылмыш-жаза кодексинин 20.2-беренесинин 6.1-бөлүгү «Жолугушууну, чогулушту, демонстрацияны, жөө жүрүштү же пикет уюштуруу же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу» боюнча жоопко тарткан.

“Алты жарандын иши каралып,15 күндүк мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү административдик жазага тартылды. Азырынча бизде болгону алтоонун иши бар. Аларга өлкөдөн чыкпоо талабы менен административдик камакка алуу чарасы дайындалды», — деп берилет соттун чечиминде.

Эскерте кетсек, буга чейин Москванын түштүк-чыгышында Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Божомолдоолорго ылайык, чыр-чатакка 180ден 200гө чейин адам катышкан. 103 адам полиция тарабынан кармалып, экөө ооруканага жаткырылган. Учурда жаңжалдын себептери иликтенип жатат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги окуяга реакция жасап, мекендештерди чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуулукка жана мыйзамды сактоого үндөдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1719