7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада баланын башын кесип алган кыргызстандык акушер 2 жылга камалды

5957

Москва шаарында Кыргызстандык акушер төрөттү кабыл алуу учурунда наристенин башын кесип алган жана апасын өлтүрүп ала жаздаган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып жатат.

Маалыматка ылайык 52 жаштагы Кыргызстандык Калбүбү айымдын лицензиясы жок экендигине карабай, гинеколог-акушер кызматын аркалаган. Ал медицина тармагында Кыргызстандан ЖОЖду бүткөндүгүн айтып, врач-гинеколог катары жашыруун төрөттөрдү (аборд) кабыл алып жүргөн.

Жабырлануучу материалдык тартыштыктан улам боюндагы баласын алдырып коймок болуп ооруканага барганда, убактысы 20- жумадан ашып кеткендиктен дарыгерлер кабыл албай коюшкан. Ал 3 баланын энеси болгон.

Төрөттү кабыл алууга врач-анестезиолог болуп эркек киши катышкан. Ал бейтаптын абалы оорлошо баштаган кезде, тез жардам чакырууга каршылык көрсөтүп, башка батирге көчүрүп өтүүгө жардам берген. Андан соң экөолөп дарыгер чакырып, бейтаптын боюнан түшүп калды деп айтышкан.

Акушер аборд учурунда маанилүү органдарды тешип өткөндүктөн бейтаптын ичинен катуу кан агуу болгон. Операциянын жүрүшүндө хирургдар түйүлдүктүн башын аялдын ич көңдөйүнөн табышкан. Ошондой болсо да бейтапты куткарып калышкан.

Сотто айыпталуучу Калбүбү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Сот аны 2 жыл эркинен ажыратып, 2 жыл бул тармакта иштөөсүнө тыюу салган. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5958