7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Издөө салабыз! Сузакта 30 жаштагы келин эки жаш баласы менен дайынсыз

376

Сузак районунун тургуну 1991-жылы туулган Аттокур кызы Канзаада, балдары 2012-жылы туулган Камытова Жаңылай Бакытбековна, 2015-жылы туулган Камытов Исламбек Бакытбекович, 2019-жылы туулган Камытова Бегимай Бакытбековналар 2021-жылдын 15-январь күнү Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Учурда Аттокур кызы Канзаада жана анын балдарынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.


Аттокур кызы Канзааданын белгилери: Бою 160-165 см, өңү кара тору, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.


Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү шуба, башында көк түстөгү жоолук, кара түстөгү шым, кара түстөгү ботинка.

Дайынсыз болуп жаткан Аттокур кызы Канзаада жана анын балдары тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: 102, (03748) 5-02-09, 0558 16-16-91, 0778 15-15-91.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

377