7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Изделип жаткан 11 жаштагы Бекболот Бишкектен табылды

1030

Дайынсыз жоголгон 11 жаштагы Бекболот Турдушев Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, 26-сентябрь күнү Каракол ШИИБне арыз менен Түп районунун 58 жаштагы тургуну кайрылып, 25-сентябрь күнү Каракол шаарынан 2012-жылы туулган баласы дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жататкандыгын билдирген.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, дайынсыз жоголгон өспүрүм бала Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. Көрсө, ал достору менен ошол эле күнү Бишкек шаарына чыгып, алар менен жүргөн. Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат.

Белгилей кетсек, Бекболот Ысык-Көлдүн Балбай айылынын тургуну. Ал 2021-жылы айылдагы мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп президентке кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган. Андан соң президент окуучу менен жолуккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1031