Шаардын батыш тарабындагы жашыл көрүнүштү жакшыртуу, Ош базарына жакын жердеги жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында иштер жүргүзүлүүдө. Чүй проспектиси Бейшеналиева көчөсүнөн Ю.Фучик көчөсүнө чейин азыр 1500 ийне жалбырактуу туялар менен кооздолду.
«Учурда жашылчарбанын жумушчулары тарабынан бетон тосмо орнотулуп, сугат суу менен камсыз кылуу үчүн борбордук магистралдык түтүк тартылып, топурак тегизделип, тиричилик таштандыларынан жана таштардан тазаланды. Ал эми ийне жалбырактуу дарактардын тосмосу шаардыктардын жолду туура эмес кесип өтүшүнө жол бербейт»,-деп билдиришти мэриядан.