7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кирени накталай алган автобус айдоочулары жумуштан алынды

664

Автобус айдоочулары жол кирени накталай алганы үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматкар караганда, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Анын жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу Жумаев Султанбек, №36 каттамдын айдоочусу Керимбаев Макен, №195 каттамдын айдоочусу Мамбетов Дөөтгүл каттамдан алынды.

Эгерде автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү буга чейин эскертилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665