Изделип жаткан жашы жете элек Никита табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда П.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, өзүнүн 11 жаштагы Н.К. аттуу баласын табууга жардам берүүнү суранган. Ал 10-ноябрда саат 10:00дөр чамасында Репина көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра үйүнө кайтып келген эмес.
Аталган факт Ленин райондук милициясында каттоого алынып, издөө жана иликтөө иштери башталган.
Ал 23-ноябрда болжол менен саат 18:30дарда жашы жете элек бала Бишкектеги Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен аман-эсен табылды.
Жашы жете элек баланын коопсуздугу үчүн ата-энеси менен түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүп, Н.К. ата-энесине кайтарылды.