7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
95,34
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-2°C

Жапаров Болгариянын жана Түндүк Македониянын президенттерине көңүл айтты

206

Президент Садыр Жапаров Болгария Республикасынын президенти Румен Радевге жана Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровскиге адамдардын, анын ичинде балдардын өмүрлөрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2021-жылдын 23-ноябрында Болгарияда эртең менен эрте катталган жол кырсыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

Кыргызстандын калкынын жана жеке өзүнүн атынан  Садыр Жапаров чет элдик кесиптештерин каза болгондордун туугандары менен жакындарына алардын кайгысын тең бөлүшөрүн жана кайрат сөздөрүн, ал эми жабыркагандарга тезирээк сакайышын кааларын жеткирүүнү өтүндү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

207