Ысык-Көлдө автоунааны айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Балыкчы ШИИБне жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар түн ичинде, үйүнүн жанында турган «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада, жабырлануучуга 80 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 206- беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, уурдалган автоунаа Тоң районунун Кара-Талаа айылынын жанынан табылып, ээсине кайтарылып берилген. Бирок, кылмышка шектүүлөр белгисиз тарапка качып кетишкен.
Ыкчам иликтөөнүн алкагында изин жашырган шектүү жаран аныкталды. Ал, Кара-Талаа айылынын 36 жаштагы С.Р. экени белгилүү болуп, шектүү өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Учурда тергөө иштери уланууда.