7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Изделип жаткан 5 жаштагы Алихандын сөөгү табылды

817

Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү 15-январь күнү, саат 15:57де ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан конуштагы арыктан табылып, баланын жакындарына жана ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой, 14-январь күнү Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Мурас-Ордо конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголгон. Алихан аутизм оорусу менен жабыркап келген.

Аны издөөгө бүгүн ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан жана райондук ӨК бөлүмүнөн жалпы 17 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган.

818