Ысык-Ата районунун Кең-Булун айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар Амирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Баланын жансыз денеси Канттын аймагында жээкке агып чыгып калган.
Амир 19-август күнү көчөдө ойноп жүрүп жоголгон. Аны бир нече күн куткаруучулар жана ата-энесине көмөккө келген жарандар издешкен.
Буга чейин атасы президент Садыр Жапаровдон уулун сөөгүн таап алуу үчүн каналдын суусун токтотуп турууну өтүнгөн.