Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянты унаа кыймылына жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
31-августта Бишкек шаарында төмөнкү көчөлөрдө унаа каражаттарынын кыймылына жолдор жабык болот:
- Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй простпектисине чейинки бөлүктөрү;
- Ибраимов көчөсү, Чүй простпектиси Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.