7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуу. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

661

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм”, — деп айтылат Мамлекет башчынын телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662