7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн 82 студент жасалма документтер аркылуу диплом алган

631

Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн 82 студент жасалма документтер аркылуу диплом алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде текшерүү жүргүзүлүп, КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө” Жобонунун талаптары бузулуусуна жол берилгендиги аныкталган.

Тактап айтканда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен.

Дипломдорду алууга негиз болгон буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн текшерүүдө, Жалал-Абад областынын райондорундагы билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогорудагы 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштебегендиги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги аныкталган.

Башкача айтканда, Жалал-Абад областынын аймагындагы айрым мектептердин директорлору өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектептерде иштебеген 82 бүтүрүүчүлөргө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды киргизишкен.
Алардын жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 8 581 819 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632