7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Изилдөө: Кыргызстандыктар — президенттик башкарууну тандашат

230

Башкеңсеси Москвада жайгашкан Саясий социология боюнча илим-изилдөө институту өз демилгеси менен алдыдагы президенттик шайлоону утурлай, Кыргызстандык жарандардан социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Калктын сурамжылоосу республиканын бардык аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында ушул жылдын 18-25-ноябрына чейин жүргүзүлүп, ага 18 жаштан жогору 7 миң 88 адам катышкан.

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?” – деген суроого жарандардын 84,5% “ооба” – деп жооп беришсе, 10,6% добуш берүүгө даяр эместигин билдирген.

Ал эми, талапкерлер тууралуу сурамжылоодо биринчи орунду мурдагы өлкө президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров (59,11%) ээлесе, экинчи орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%), андан кийин парламенттин экс-спикери Канат Исаевди (0,86%) көрсөтүшкөн. Ошондой эле алдыңкы бешиликке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана Арстан Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген.

Садыр Жапаровдун калк арасында рейтингинин жогору экенин бул изилдөө көрсөткөн жана кыргызстандыктар алдыдагы шайлоого активдүү катышуу менен өз добушун кимге берээрин так аныктаган.

Күн санап өсүп жаткан Садыр Жапаровдун кадыр-баркы башка саясий оппоненттерине тынчтык бербей жатканы шекилдүү. Себеби, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Токтайым Үмөталиева, Равшан Жээнбеков, Бактыбек Жумагулов, Клара Сооронкулова маалымат жыйын өткөрүп, Садыр Жапаровдун наамына карата бир катар жөнсүз, далилсиз сын-пикирлерди айтышты. Талапкерлердин бул жыйыны, бир күн мурун Садыр Жапаровдун “7-Каналга” берген маегинен кийин орун алды. Садыр Жапаровдун “7-Каналдагы” маегинде Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы чыккандар жана алар эмне себептен бул кадамга барып жатканына кеңири токтолгон.

“Ата Мекен” партиясынын жана бейөкмөт уюмдун активдүү өкүлдөрү катары таанылган бул талапкерлер ушул кезге чейин ырдалып жаткан эски ырларын кайрадан созуп чыгышты. Арийне, булар жактап жаткан Башмыйзамда “бийликтин ээси эл” – деп бакыйып жазылып турат. Ошол бийлик ээси болгон элдин талабы менен өзгөртүүгө сунушталып жаткан Башмыйзам үчүн бир ууч топ бүгүн Садыр Жапаровго карата жалган каралоону уюштуруп жатышат.

Жоопкерчиликсиз бийлик органдары, эңшерилген экономика, жакыр эл. 2010-жылдагы Текебаевдин Башмыйзамынын жазылышына себепкер болуп, каржылык жактан колдоого алган Американын, Батыш өлкөлөрүнүн көксөгөн ой-тилеги ушул болгондур. Деги эле, өлкөнүн ушул абалга келишине ким жооптуу? Атамбаевби, Жээнбековбу, же V жана VI чакырылыштын депутаттарыбы? Жок.

Эч кимде жоопкерчилик жок!

Ал эми жоопкерчилик болбогон жерде кандай бийлик өкүм сүрүшү мүмкүн. Кайдыгерлик. Кайдыгерлик болгон жерде кандай өсүш болмок эле. Мына ушундай аныктамага жол салган Текебаевдин Башмыйзамы өз вазыйпасын аткарып бүткөнүнө карабастан анын командасы жана бейөкмөтчүлөр кашык каны калгыча коргоп калуунун амалын көрүп жатышат. Ал эми таразанын экинчи ташында калың эл турат. 30 жыл бою айрым гана адамдардын бактылуу жашоосуна күбө болуп, өздөрү бөлөк эл, бөтөн жерге мигрант болуп, кете албай калгандары ачка, жумушсуз калып, бирок бийлик башындагылардын айтканын кылып, айдаганына көнүп отуруп ушул күнгө келдик. Канчалаган үй-бүлө жетишсиз турмуштун айынан бузулуп, миңдеген адамдар аракеч болуп кетти. Канча бала жетим калды. Түрмөлөрдү толтуруп бүттүк. Улуттук идеология боюнча сөз кылып кереги жок. Бизге дагы эмне керек?

Намыс үчүн башын кесип берген кыргыз бүгүн болгон намысын жыйыштырып коюп, биздин америкачыл “дерьмократтар” сын таккан, иш жүзүндө саат санап өнүгүп-өсүп жаткан коңшу мамлекеттерден азык-түлүк сураган абалга келдик. Алар парламентаризми жок эле өнүгүп жатышат. Биз болсо Америка, Европанын сүт чыкпаган эмчегин эмип, алардын “кыргыздар – кыйын эл” деген куру мактоосуна маашырланып коюп отурабыз. Мына, биз баалган адам укугунун, сөз эркиндигинин, делөөрүткөн демократиянын жемиши. Демек, дагы да кеч боло электе этек-жеңибизди кагынып, эски-уску саясатчыларды күүп салып, алдыга кадам таштоо мезгили келди. Мезгилден өткөн тараза жок. Кези келгенде бул күнгө да саресеп салып, сыдыргыдан өткөрөөрбүз. Ага чейин улут катары сакталып калуу үчүн баарыбыз бир түндүктүн алдына биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга умтулуубуз абзел.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

231