Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге ишкерлер арыз менен кайрылышып, 2021-жылдын күз айында Б.Н. (каймана аты Дима ) алдоо жолу менен келишим түзүп, курулуп жаткан үйлөрдүн биринен батир алып, үчүнчү жакка сатып жиберген. Жабырлануучуга 25 000 АКШ долларлык материалдык чыгым келтирилген.
Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча иш козгоп, “Дима” каймана аттуу Талас облусунун 1981-жылы туулган тургуну Б.Н. кармалды.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Учурда кылмышка шектүүнүн үстүнөн Ленин жана Свердлов РИИБде алдамчылык фактылары боюнча иликтенип жаткан материалдар бардыгы айтылат.
2020-жылдын жай айында автоунаанын ээсинин ишенимине кирип, «Лексус RX 330» үлгүсүндөгү автоунаасын «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү автоунаага алмаштыруу боюнча пайдалуу келишимди сунуштаган жана автоунааны ээлеп алган соң изин жашырып кеткен.
Жабырлануучуга миллион сомдон ашык материалдык чыгым кетирилген.
2021-жылы эки чет өлкөлүк ишкерди өзгөчө ири өлчөмдө алдап кеткен. ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча ал ишенимге кирип, ишкердин биринен баасы 120 миң АКШ доолары турган көп сандаган килемдерди (жүк ташуучу унаа толгон) ээлеп алып, изин жашырып качып кеткен. Экинчи ишкерди дагы алдап, андан баасы 40 миң АКШ долларына жакын суммадагы килемдерин ээлеп алган.
Мындан тышкары, мурда дагы бир нече алдамчылык фактылары менен кармалып сот тарабынан эки айга үй камагына алуу боюнча бөгөт чарасы тандалган. Бирок ал изин жашырып, мурда көрсөтүлгөн дарегинде жашабай калгандыктан, бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселелер көтөрүлгөн.