7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үйүнөн күчтөп чыгарылган үй-бүлө боюнча Жогорку сот маалымат берди

3181

Бишкектин четиндеги Рухий-Мурас конушунда үй-бүлөнү үйдөн күчтөп чыгарган окуя тууралуу социалдык тармакта видео тараган. Бул окуя тууралуу 7-каналга Жогорку сот төмөнкүлөрдү билдирди.

«Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын 15-майындагы сырттан чыгарган чечими менен Н.А.Бнын Г.Т.Дга карата карыз өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылып, доогердин пайдасына 574 630 сом карыз акча өндүрүлгөн.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун ошол жылдын 15-майындагы сырттан чыгарган чечимин менен макул болбой, Г.Т.Д апелляциялык арыз менен сотко кайрылган. Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 7-мартындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2013-жылдагы чечими жокко чыгарылып, иш ошол эле сотко кайрадан кароого жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 3-ноябрындагы чечими менен жоопкер ага карата карыз акчаны өндүрүп алуу жөнүндөгү доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган, доогердин пайдасына 660 127 сом карыз акча өндүрүлгөн.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2018-жылдын 28-январындагы аныктамасы менен Н.А.Бнын соттун чечимин аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арызы канааттандырылган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын 15-майындагы чечимин аткаруунун ыкмасы жана тартиби Бишкек шаарынын Рухий-Мурас-5 (Рухий-Мурас көч.) (Лебединовка 50 га) 32 дарегинде жайгашкан Г.Т.Д жеке менчик укугунда турган турак жайга өндүрүп алуу жолу менен өзгөртүлгөн.

Доогер Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жоопкерлер Г.Т.Д, Ч.Д, Ч к. Г., К.К., Ч. к. Н. жана Б.А. үйдөн чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдагы 16-сентябрындагы чечими менен аялдын доо арызы канааттандырылып, аталган үй бүлө Бишкек шаары, Рухий-Мурас-5 көчөсүндөгү 32-даректе жайгашкан турак жайдан чыгарылган.

Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 4-декабрындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдын 16-сентябрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

Жогорку соттун 2021-жылдын 29-апрелиндеги жана 2021-жылдын 15-декабрындагы аныктамалары менен Ч. к. Н. жана К.К. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдын 16-сентябрындагы чечимине жана Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 4-декабрындагы жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасына карата кассациялык даттануу берүүгө өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыздары канааттандырысыз калтырылган, кассациялык даттануу арыз ээлерине кайтарылган.

Бишкек шаарынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн турак жайдын менчик ээси Н.А.Б. аттуу жаран болуп саналат. Ал эми менчик укугу Октябрь районунун САКБ сот аткаруучусу тарабынан түзүлгөн 2015-жылдын 26-октябрындагы тооруктан сатылбаган кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү протоколунун негизинде ага таандык.

Бул иш-аракеттер сот аткаруучу тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун турак жайдын ээсинен доогер 574 630 сом өндүрүп алуу жөнүндө 2015-жылдын 5-мартындагы аткаруу барагынын негизинде аткарылган.

Андан тышкары, Ч.К. Д. аны чыгаруу жөнүндө соттун чечимин аткаруу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын аракеттерине арыз менен сотко кайрылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 21-ноябрындагы аныктамасы менен Ч.К. Д. арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 23-январындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 21-ноябрындагы аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылары менен макул болбой, Ч.К.Д. кассациялык даттануу менен Жогорку сотко кайрылып, аталган иш 2023-жылдын 24-апрелинде саат 9.30 га кароого дайындалган»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3182