Нарында 47 жаштагы жаран үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан учурда, топурак басып калып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Нарын районунун Кара-Чий айылынын Н.А. аттуу тургуну үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан.
Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар эркек кишинин сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.