7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров БАЭнын экономика министри менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

442

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) экономика министри Абдулла бин Таук Аль Маррини кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актаулдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан БАЭ менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө, бекемдөөгө кызыкдар жана даяр экенин, анын үстүнө өлкөлөр ортосунда толук колдонула элек чоң потенциал бар экенин, аны ачуу керектигин белгиледи.

Ал белгилегендей, 2021-жылы кыргыз-эмират соодасынын көлөмү болгону 70 миллион АКШ долларын түзгөн, ошол эле учурда көп эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Садыр Жапаров болуп өткөн кыргыз-эмираттык бизнес-форум жана анын жыйынтыктары ишкерлик байланыштардын бекемделишине жакшы негиз түзөрүнө ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү жана ишкердик байланыштарды чыңдоо максатында мамлекет башчысы Россия-Кыргыз, Венгрия-Кыргыз жана Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонддорунун үлгүсүндө биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Фонддун каражаттары өлкөнүн экономикасынын приоритеттүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталышы болжолдонууда.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан БАЭ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр жана кыргызстандыктар Эмираттан келген меймандарга ар дайым кубанычта.

БАЭ экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык айтып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алакалардын көлөмү чоң потенциалга ээ экендигине кошуларын билдирди.

Ал анын бул иш сапарынын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча бир катар макулдашуулар жетишилгенин белгиледи.

Министр Эмираттар биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдей турганын жана буга чейин түзүлгөн фонддордун иштөө моделин карай турганын кошумчалады.

Абдулла бин Таук Аль-Марри Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мохаммед бин Зайд аль-Нахайяндын саламын жеткирип, президент Садыр Жапаровдун сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

443