7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үйүнө терезе аркылуу кирип… Аламүдүндө уурулукка шектүү адам кармалды

675

Аламүдүн районунда уурулукка шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын ноябрь айында Аламүдүн РИИБүнө Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 7-12 ноябрь күндөрү белгисиз адамдар тарабынан анын үйүнө терезе аркылуу кирип, үч телевизор, бир комплект колонка жана эки кол саатын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган О.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676