Аламүдүн районунда башка бирөөнүн жерин басып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айында А.С аттуу жеке ишкер, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан өзүнүн мекемесине тиешелүү жер тилкесин өзүм билемдик менен басып алган белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен Аламүдүн РИИБге кайрылган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинде каралган (Башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы максаттуу багытты бузуу менен өз алдынча курулуш куруу) кылмыштын белгилери менен катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1972-жылы туулган Р.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тишешеси барбы жокпу текшерүүгө алынып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.