7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 37 жаштагы жаран бычакталды. Шектүү колго түшүрүлдү

688

Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде Ысык-Ата РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө, аймактык ооруканадан, бычакталып жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери жаракат алган адамдын өздүгүн аныктап, ал 1985-жылы туулган Б.А., аттуу жаран экен белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 беренеси (киши өлтүрүгө аракет кылуу) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Б.М. колго түшүрүлгөн.

Бул окуя жарандардын ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккандыгы такталган.

Шектүү Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан соң Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралган.

Учурда аталган окуя боюнча экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689