Бишкекте уурулукка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 30-октябрга караган түнү Таш-Көмүр көчөсүндө болгон. Белгисиз жаран көчөдө токтоп турган «Хонда Фит» унаасынын төрт дөңгөлөгүн чечип кеткен.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 200-беренеси менен катталган.
Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал 1995-жылы туулган А.Ж. экени белгилүү болду.