7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчөдө кызды эч себепсиз сөккөн блогер 5 суткага камалды

358

Ошто көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөн блогер 5 суткага камалды. Бул тууралуу соцтармакта жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарган.

Блогерди 5 суткага камоого алгандан кийин, ал “5 күндөн кийин көрүшөбүз, баарын уктум,Баарына жооп болот. Бул нерсени жөн калтырбаймын”,-деп сторис чыгарган.

Эске салсак, 26-мартта социалдык тармактын колдонуучулары видео менен бөлүшүп, анда блогердин көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөнүнө нааразы болушкан. Бул боюнча юрист Шердор Абыдкапаров ага карата майда бейбаштык менен кылмыш ишин козгосо болорун билдирген. Кийинчерээк блогер туура эмес кылганы үчүн кечирим сураган видео жарыялаган.

27-мартта ал милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан Ош шаарына жеткирилген. 25-мартта блогер Азамат Ормокеев анын үстүнөн арыз менен кайрылган. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта 2002-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылып, аны 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда белгисиз жаран видеого тартып, уят сөз айткандыгын, аны кийин интернеттен, видеодон көргөндугун билдирип, бул жаранга карата чара көрүүнү суранган.

 

359