Жалал-Абаддын милициясы коомчулукта резонанс жараткан видео боюнча үн катты
Маалыматка ылайык, 4-мартта Кочкор-Атада жеке күзөт кызматкери таш, таяк менен куралданган 6 адам тарабынан сабалган. Бул окуя боюнча «бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. Шектүүлөрдүн бири 40 жаштагы Н.С. аттуу жаран болгон. Бир нече жолу чакырылганына карабай, ал суракка келбей жүргөн.
27-мартта ал милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда ал кызматкерлердин айткандарына баш ийбегендиктен, күч колдонулган. Ошол учурда окуяга шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы аралашып, милиция кызматкерлерин секирип тепкен.
Видеодон көрүнгөндөй, атасына болушуп, милиционерлерди тепкен бала ур-тепкиге кабылган.
Милициядан белгилешкендей, окуядан кийин жаш жигит кое берилген. Башында кызматкерлер ал бала шектүүнүн уулу экенин билишкен эмес.
Ал эми атасы убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.