7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчөдөн аялын аёосуз сабаган жаран кармалып, кылмыш иши козголду

14074

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде аялын сабаган жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде социалдык тармактарда Бишкекте кызды сабап жаткан видео тараган. Аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.


«11-апрель күнү саат болжол менен 19:00 чамасында 102 кызматына Кустанайский жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышып, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран өзүнүн 1987-жылы туулган Ю.Н. аттуу аялын сабагандыгы белгилүү болгон. Аталган жаран Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене «бейбаштык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти Биринчи Май РИИБинен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

14075