7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өгөй баласын сабап, кайра өзү интернетке тараткан жаран кармалды

2055

Белгилей кетсек, WhatsApp тиркемесинде эркек киши кичинекей баланы сабап жатканда тартылган видео тараган.

ИИМдин маалыматы боюнча, 23-февралда Ысык-Ата районунун тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Ал жарандык күйөөсү баласын сабаганын билдирген.

Бала — шектүүнүн өгөй баласы. Арыздануучунун айтымында, жолдошу баланы сабаганын видеого тартып, WhatsApp аркылуу жөнөткөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган К.К. атту жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Медициналык корутундуга ылайык, баланын ден соолугуна зыян келтирилген.

3-мартта тергөө аяктап, кылмыш иштин материалдары сотко өткөрүп берүү үчүн Ысык-Ата райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. Учурда бул окуя боюнча сот процесстери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2056