7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Россияда жасалма документ менен жүргөндөр көп» ИИМ эмнелерди сунуштайт?

517

«Россия Федерациясынын аймагында жасалма документтерди колдонгондорго карата кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралганын эскертебиз», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кыматы.

Анда Россияда жүргөн мигранттардын көбү мыйзамдуу документ алгандан качып, жасалма жол менен документ жасатып көтөрүп жүрүшөт. Ал эми бул Россияда кылмыш иши катары каралат. ИИМдин кайрылуусу:

«Урматтуу мекендеш! Акыркы убакытта Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн биздин жарандарыбыз жасалма жолу менен жасалган ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө. Биздин кээ бир мекендештер документтерин жоготуп алып, же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен мыйзамдуу жасоодон жалкоолонуп, жасалма документтерди жасатышып жатат. Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз, анда сиздин кыймыл-аракетиңизде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз. Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда, токтоосуз ошол жердин райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алгандан кийин, Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл. Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылсңыздар болот», — деп жазылат кайрылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

518