7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчөт отургузуу өнөктүгү Ноокен районунунда уланды

1126

Бүгүн, 26-мартта Жалал-Абад облусундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери «Жашыл мурас» өнөктүгүн Ноокен районунда улантышты. Анда Сакалды айыл аймагынын Аримжан айылындагы жол боюна 200дөн ашуун ийне жалбырактуу арча көчөттөрүн отургузушту.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев катышты.

Өкүлдүн орун басары демилге президенттин «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын» алкагында ишке ашып жатканын билдирди. Ал ошондой эле отургузулган көчөттөрдүн өсүүсү өзгөчө көзөмөлдө болоорун баса белгилеп, кам көрүүдө тургундарды да кайдыгер карабоого чакырды.

Өнөктүктүн алкагында Ноокен районунда 5 миң 418 даана дарак көчөттөрүн отургузуу пландалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1127