Жалал-Абад шарында 17-марттан 18-мартка караган түнү катуу жааган жамгырдан улам өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилген.
Маалыматка ылайык, Көк-Арт суусунун дээңгели көтөрүлүп, натыйжада суунун нугу бурулуп, Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын табигый сол жээгин жеп, дарыядан суу ашып кетүү коркунучу пайда болгон.
Живпром участкасынын аймагында жайгашкан 569 турак үйгө жана 11 мекеме-ишканаларга кооптуу абал жаралган. Мындан улам шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен Жалал-Абад шаарына 18-марттан тарта өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.
Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин бекемдөө боюнча тиешелүү жумуштар аяктап, шаар мэринин буйругу менен 26-марттан тартып өзгөчө кырдаал тартиби алынды.