7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрдүн арасында тапанчадан практикалык ок атуу турнири өткөрүлдү

317

13-14-декабрда А.Бакаев атындагы УКМК академиясынын ок-атуу комплексинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кубогу-2024” үчүн күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрдүн арасында тапанчадан практикалык ок атуу турнири өткөрүлдү.

Турнирге 9 команда катышып, мелдеш Эл аралык практикалык ок атуу федерациясынын эрежеси боюнча, командалык жана жеке мелдеште өттү.

Жыйынтыгында командалык мелдеште 1-орунду УКМКнын 9-кызматтын атайын багыттагы  “Калкан”   командасы, 2-орунду  УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын командасы, 3-орунду Коргоо Министрлигинин “Скорпион” атайын багыттагы кызматынын командасы ээледи.  Жеке мелдеште 1-орунду УКМКнын 9-кызматтын атайын багыттагы “Калкан” башкармалыгынын кызматкери, 2-орунду 9-кызматтын атайын багыттагы “Калкан” башкармалыгынын кызматкери, 3-орунду “Практикалык ок атуу боюнча курама командасынын өкүлү ээледи.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын УКМКнын орун басары, полковник Т.М.Шабданбеков тарабынан ок атуу боюнча практикалык турнирдин жеңүүчүлөрүнө дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктарды тапшырылды.

Учурда дүйнөдө болуп жаткан куралдуу кагылышуулар, жаңы коркунучтар жана коопсуздук чакырыктары армиянын жана күч түзүмдөрүнүн атайын күчтөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу зарылдыгын көрсөтүүдө. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн коргогон ар бир адамдын негизги милдети – мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзүнүн дараметин тынымсыз жогорулатуу.

Белгилей кетсек, учурда практикалык ок атуу дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин атайын күчтөрү арасында популярдуу болуп, алардын катышуусунда атайын күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн арасында “Атайын бөлүктөрдүн олимпиадасы” сыяктуу эл аралык турнирлер өткөрүлүүдө. 2024-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында күч түзүмдөрүнүн атайын күчтөрү арасында өткөн эл аралык турнирде 48 өлкөдөн келген 87 команданын ичинен “Калкан” командасы жалпы эсепте татыктуу 4-орунду ээлеген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик Академиясы өткөргөн бул турнир 2025-жылы февраль айында Дубай шаарында өтө турган атайын күчтөр арасында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын намысын коргой турган командаларды даярдоо үчүн татыктуу аянтча болуп калышы керек.

 

318