7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Абдыкадыр Султанбаев: Тажик-кыргыз чек арасынын такталганы – өтө маанилүү жетишкендик

147

2024-жылдын 8-декабрынан он төртүнө чейинки окуялар тууралуу коомдук ишмер Абдыкадыр Султанбаев менен маек.

– Кеңири коомчулуктун көңүлүн бурган негизги окуя – Тажикстан менен мамлекеттик чек ара такталып бүткөнү болду, жергиликтүү эл дагы, маалымат каражаттары да ушул маселени талкуулап-кубаттап жатат жана президент Садыр Жапаров да «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда дагы аны баса белгилеп кетти. Мындан ары эми чек ара менен байланыштуу эч кандай чатак болбош керек, эл аралык мамилелер дагы жөнгө салынат жана маданий менен экономикалык байланыштар дагы бир топ жанданат.

– Москвада өткөн КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир топ маанилүү документтер кабыл алынды, мисалга, гуманитардык кызматташуу боюнча же чек аралар аркылуу товарларды тоскоолдуксуз алып өтүү жана эмгек мигранттары тууралуу маселени Акылбек Жапаров туура көтөрдү. Евразиялык өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-Бир ГЭСин курууга жана Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр жолун салууга дагы каражат бөлүп бермей болду.

– Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлүшүнө карата 100 ишкана курулуп, пайдаланууга берилет деп айтылды эле жана анын алкагында мурда иштебей калган ар башка аэропорттор пайдаланууга бериле баштады. Өтүп бараткан аптада Каракол эл аралык аэропорту ачылды, ага чейин башка шаарлардагы аэропорттор ондолгон, Жалал-Абадда болсо ири аэропорт салынмай болду. Караколго учак менен баруу мүмкүнчүлүгү туристтердин агымын көбөйтөт, ал жакта азыр «Үч чоку» деген ири туристтик долбоор үстүндө иштер кызуу жүрүүдө.

Жуманын негизги окуялары:

– 13-декабрда президент Садыр Жапаров Кабар агенттигине интервью берип, кыргыз-тажик чек арасын тактоодо «талаш жерлерде да тил табышуу болду, илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк, айрым жерлерди теңме-тең алмаштык» деп билдирди.

– Коррупция менен күрөшүү күнү – 9-декабрда – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, коррупциянын куйругун кестик эле, эми башын алабыз деп билдирди.

– Адам укуктарын коргоо күнү – 10-декабрда – президент Садыр Жапаров атайын кайрылуу жасап, адам укуктарын сыйлоо – адилеттүү коомдун негизи деп билдирди.

– Баш ордосу Париж шаарында жайгашкан «Чек арасыз репортёрлор» уюму 12-декабрда 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, дүйнөдө 54 журналист өлтүрүлгөнүн билдирди. Отчётто – жыл башында Кыргызстанда 11 журналист кармалганы дагы айтылат.

– 11-декабрда Эл аралык тоолор күнү белгиленди. Кыргызстан азыр тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү боюнча дүйнөдөгү эң демилгелүү мамлекет, 2027-жылы Экинчи дүйнөлүк тоо саммитин өткөрүү дагы пландалууда.

– 11-декабрда мурдагы баш прокурор Асанбек Шаршеналиев каза болду. Март айында ал 85ке чыкмак.

 

– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 12-декабрда Москвада өткөн КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинде эмгек миграциясында дискриминация болбоого тийиш, кимдир бирөө мыйзам бузуп атса, башкалар андан жапа чекпеш керек деп билдирди.

– Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев 11-декабрда Москвада Орусиянын тышкы иштер министрлигинде болуп, эл аралык терроризм менен күрөшүү алкагындагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

– Энергетика министри Данияр Амангелдиев 11-декабрда билдиргенге караганда, Камбарата-1 ГЭСин курууга эмки май айында Дүйнөлүк банк 500 млн доллар бөлүп бермей болду.

– Энергетика министрлигинин айтымында, 12-декабрда өлкө боюнча 79 млн киловатт-саат электр энергиясы керектелген, бул рекорд. Буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 73 млн квт-саат болуп, былтыр 14-декабрда катталган экен. Демейде Кыргызстан күнүнө 50-60 млн квт-саат керектейт.

– 11-декабрда энергетиктер – Баткендеги алыскы Зардалы айылын электр жарыгы менен камсыз кылганы тууралуу билдирди. Айылда 56 үй-бүлө турат экен, бир мектеп, бир ФАП, 2 мечит иштейт экен.

– Эне жана баланы коргоо борбору билдиргенге караганда, үстүбүздөгү жылы бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 бекер операция жасалды, жылдын аягына чейин дагы 2 бейтап операциядан өтөт. 2025-жылы болсо 50 бекер операция жасалаары пландалып жатат.

 

– 11-декабрда Каракол шаарынын эл аралык аэропорту ачылды, салтанатка президент Садыр Жапаров дагы катышты. Аэропорт саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө алат.

– Буга чейин «Казарман» жана «Кербен» аэропорттору оңдолгон, жакында «Нарын» аэропорту дагы ондолот деп айтылууда.

– 11-декабрда Жогорку Кеңеш 2025-жылдын бюджети тууралуу мыйзамды кабыл алды — киреше 26 млрд сомдук профицит менен 473 млрд сом болот деп бекитилди.

– Бишкекке иш сапар менен Хорватиянын тышкы иштер министри Гордан Радман 11-декабрда келип, эртеси 2 өлкөнүн ишкерлери өткөргөн бизнес-форумга катышты.

– 12-декабрда Жогорку кеңеш Дин тутуу эркиндиги тууралуу жаңы мыйзамды биринчи окууда кабыл алды.

– 10-декабрда депутат Айсулуу Мамашова – кээ бир имамдар бир түндүк нике кыюуга барып жатат деп Жогорку кеңеште билдирди, муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев – андай түшүнүк шариатта жок жана имамдар андайга барбайт деп жооп берди.

– Депутат Бакытбек Марипов Жогорку кеңештин 10-декабрдагы жыйынында кыргыз мектептеринде араб тили боюнча сабак киргизүүнү сунуштады.

 

– 12-декабрда Жогорку кеңеш – Улуттук гимнди өзгөртүү боюнча мекеме аралык комиссияга 8 депутатты кошту.

– Кыз балбан Айпери Медет кызы өз салмагында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты, Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмагында 3-орунда, ал эми 68 кг салмагында Мээрим Жуманазарова 5-орунда.

– 12-декабрда – УКМК мурдагы Жалал-Абад губернатору жана МЧСтин мурдагы жетекчиси Султан Урманаевди кармаганы белгилүү болду.

– УКМК 13-декабрда билдиргенге караганда, коргоо министринин жардамчысы кармалды – ал акча алып тиги же бул кызматкердин жогорку кызматка дайындалышына жардам берип келген.

– «Ала-Арча» жаратылыш паркына келген туристтерден түшкөн киреше акыркы 2 жылдын ичинде 4 эсеге өсүп, 51 миллиондон 230 млн сомго чейин көтөрүлүптүр.

148