Көчкү учурунда жоголгон баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМнин пресс-борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Алай районунун Белекбаев а/а Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-ж.т. Э. уулу Б. аттуу бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.
«Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, КР ИИМнен 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, КР ӨКМнин ӨКЧК түштүк борборунан 1 экскаватор тартылды», — деп берилет маалыматта.