7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Көчмөн Сити» турак жай комплексинин курулушу башталды

212

Президенттин тапшырмасына ылайык “КӨЧМӨН СИТИ” турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбукка билдирди.

Анын айтымында, бул курулуш иштери президенттин иш башкармалыгы тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп, мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылат.

«Жалпы 20 гектар аянтты камтыган бул заманбап комплекс 86 көп кабаттуу блоктон туруп, бардык курулуш иштери улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. «Көчмөн Сити» жашоочулар үчүн бардык шарттары каралган ыңгайлуу комплекс болот. Аймакта 3 мектеп, 4 бала бакча, жашыл эс алуу зоналары жана 3 унаа токтотуучу жай курулат. Ошондой эле ар бир блокто коммерциялык жайлар каралган»,- деди Туманбаев.

Курулуш иштери эки баскыч менен жүрөт:

Биринчи этап – 27 блок, анда:
• 3105 батир
• Аппартаменттер – 52
• Жалпы аянты: 333 450 чарчы метр

Экинчи этап – 59 блок, анда:
• 5605 батир
• Аппартаменттер – 236
• Жалпы аянты: 616 796,62 чарчы метр

Турак жай комплекси 86 блоктон туруп, анын 27си 24 кабаттуу, ал эми 59у 20 кабаттуу болуп курулат. Туруктуу жылуулук жана электр менен камсыздоо үчүн өзүнүн отканасы жана көмөкчордону курулат.

«Көчмөн Сити» турак жай комплексиндеги батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу:

• Кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге,
• 50% үлүш кошуу шарты менен жарандарга жеңилдетилген шартта сунушталат.

Ошондой эле атайын квота менен Чүй облусунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарына берилет.

213