7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз балбандары “Алыш” бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча 4 алтын утту

915

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө “Алыш” бел боо күрөшү боюнча беттештер өттү.

Кыргыз балбандары “Алыш” бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча 4 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңип алды.

Эркектер арасында 60 кг салмак даражада Роман Сапаров, 80 кг салмакта Эсенбек Кудайбердиев жана 90 кг салмакта Ойбек Камулов, кыздар арасында 75 кг жогорку салмактагылар арасында Нагира Сарбагышева IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору аталышты.

Кыздар арасында 55 кг салмак даражада Самара Абдумалик кызы жана 60 кг салмакта Элза Абдыкадырова 2-орунду ээлеп, күмүш медалдардын ээлери болушту.

Ошондой эле, 100 кг салмак даражада Орозбек Аширов, 100 кг жогоркулар арасында Муктарбек Калыбек уулу, ал эми кыздар арасында 75 кг салмак даражада Адина Нурматова 3-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, учурда “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча да беттештер өтүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

916