7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчмөндөр оюну: Кыргыз спортчулары күрөштүн эки түрүнөн 4 алтын утту

562

Кыргызстандын татар жана аба ашыртмалы күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 7 медаль жеңишти.

Алсак, татар күрөшү боюнча Манас Үсөнов 75 кг чейинки салмак категориясында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду. Марлен Абдрасулов (65 кг) жана Муктарбек Мунарбеков (90 кг) коло медалга ээ болушту.

 

Курама команда машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаров, Афтандил Анарбаев жана Алимбек Абдыжапаровдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Ал эми аба ашыртмалы күрөшү боюнча Кыргызстандын капчыгында 4 медаль бар. Анын үчөө алтын жана бирөө коло.

Роман Сапаров (60 кг), Айболот Аманов (80 кг) жана Бактияр Мирлан уулу (+90 кг) V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын чемпиондору болушту. Бекбосун Сатканкулов 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

563