Бүгүн Таш-Көмүр шаарында Бишкек – Ош унаа жолунун 448-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четине чыгып, өрттөнгөн. Окуя таңкы саат 06:00 чамасында болгону тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.
«Баллону атылып кетип, жарылган унааны өрт каптап, айдоочусу каза болгон» деп айтылат маалыматта.
Таш-Көмүр шаардык өрт өчүрүүчү-куткаруучулары кырсык катталган жерге барган. Алар саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да толугу менен өчүрүшкөн.
Алдын ала алынган маалымат боюнча унаанын алдыңкы баллону жарылып кеткенине байланыштуу өрттөнгөн.