7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалы: «Ынтымак» — «Достук»

794

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунда “Достук” кубогу үчүн 18-августта Кыргызстандын «Ынтымак» жана «Достук» командалары ат салышты.

Биринчи таймда «Ынтымак» командасынын оюнчусу 6-мүнөттө Өмүрбек Эсен уулу салым таштап эсеп сандарын ачты. Көп өтпөй Өмүрбек Эсен уулу дагы бир салым таштап эсепти 2:0 кылды.

Оюндун экинчи бөлүгүндө эки команда тарабынан тең курч чабуулдар орун алды. Деген менен эсеп сандары өзгөргөн жок.

Үчүнчү таймда дагы эки команда тең салым таштай алган жок. Ошентип жарым финалдык оюн «Ынтымак» командасынын пайдасына 2:0 эсебинде жыйынтыкталды.

«Достук» кубогу үчүн финалда Казакстандын «Астана» жана Кыргызстандын «Ынтымак» командасы беттешет. Ал эми «Түркестан» жана «Достук» командалары 3-орун үчүн ат салышат.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл биринчи жолу Кыргыз республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат. Мелдешти 2 жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

795