7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат башталды

460

«Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Мелдешке ар бир облустан бир район катышууда. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. 17-февраль күнү башталган чемпионат, 22-февралда жыйынтыкталат.

Командалар төрт тайпага бөлүндү:
«А» тайпасы: Четинди (Бишкек), Талас району (Талас облусу), Ак-Суу району (Ысык-Көл облусу);
«B» тайпасы: Ош шаары, Ак-Талаа району (Нарын облусу), Сокулук району (Чүй облусу);
«C» тайпасы: Сузак району (Жалал-Абад облусу), Лейлек району (Баткен облусу), Кара-Кулжа району (Ош облусу).
Көк бөрү оюну боюнча райондор аралык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.
461