Көк бөрү федерациясы өлкө башчы Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
Алар Нооруз турнириндеги кырсыктан бери өлкөдө көк-бөрүгө тыюу салынып, экинчи республикалык оюндар да болбой калуу алдында экендигин айтышты.
«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, көк бөрү федерациясы жана кыргыз көк-бөрүчүлөрү бийликтин азыркы саясатын толугу менен колдоого алабыз. Учурда улуттук спортубузга сиздердин көмөгүңүздөр керек экендигин белгилеп кетмекчибиз. Ата-бабабыздан бери келе жаткан улуттук спортубузду биргеликте жаңы деңгээлге алып чыгарыбызга ишенбиз!» — деп айтылат кайрылууда.