7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КӨК БӨРҮ ЖАНА КӨКПАР БОЮНЧА ФИНАЛДЫК МЕЛДЕШТЕРГЕ БИЛЕТТЕР САТЫЛЫП БҮТТҮ

1

Бает айылында финалдык мелдештерди көрүү үчүн фан-зона уюштурулат.

2026-жылдын 6-сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештер өтөт. Белгилей кетсек, аталган мелдештерге болгон бардык билеттер сатылып бүттү.

Эске салабыз, «Көк бөрү» аренасына кирүү билеттин негизинде гана жүргүзүлөт. Билети жок көрүүчүлөр аренага киргизилбейт.

Күйөрмандар үчүн Бает айылында («Ак Марал» жана «Чайка» пансионаттарынын ортосундагы жээк тилкесинде) атайын фан-зона уюштурулат. Ал жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештер чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.

Фан-зонанын уюштурулушу «Көк бөрү» аренасына бара албай калган күйөрмандарга финалдык мелдештерди биргеликте көрүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын колдоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, финалдык мелдештердин түз эфирдеги көрсөтүүсү УТРК, ЭлТР жана Nomad телеканалдарынан, ошондой эле алардын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан жеткиликтүү болот.

Жергиликтүү тургундардан жана шаардын конокторунан расмий маалыматтарга көз салып, спорттук аренага кирүүнүн белгиленген тартибин эске алууну жана коомдук тартипти сактоону өтүнөбүз.

2