7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“БИШКЕК АРЕНАНЫН” КУРУЛУШУНА КЕТКЕН ЧЫГЫМДЫ ТЕКШЕРГЕН КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ

2

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда тарап жаткан “Бишкек Арена” комплекси 60 миллион долларга курулду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Анын айтымында, стадионду 60 миллион долларга куруу тууралуу бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап маалымат берген эмес.

Алагөзов белгилегендей, мындай масштабдагы заманбап спорттук объектилердин дүйнөлүк баасы кыйла жогору. Бирок “Бишкек Арена” дүйнөдөгү ушул сыяктуу 50-60 миң орундуу стадиондордон кыйла арзанга курулганын айтты.

Учурда комплекстин курулушуна кеткен чыгымдарды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына Эсеп палатасы, Ички иштер министрлиги, прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Комиссия курулушка кеткен каражаттарды деталдуу карап чыгып, ишин болжол менен 1-2 айда жыйынтыктоосу күтүлүүдө.

Анын жыйынтыгында “Бишкек Арена” курулушунун так жана акыркы баасы коомчулукка ачык жарыяланат.

3