Акыркы жылдары дүйнөдө жаратылыш койнунда эс алууга жана ден соолук менен жан дүйнөнүн тең салмактуулугун калыбына келтирүүгө багытталган саякаттарга кызыгуу күчөдү. Суу жээгинде эс алуу стрессти азайтып, маанайды көтөрүп, ой жүгүртүүнү тунуктатууга жардам берет. Ушундан улам «Көк Тынчтык» (Blue Mind) концепциясына негизделген саякаттар кеңири жайылууда.
Эгей жана Жер Ортолук деңиздеринин узун жээк тилкесине ээ Түркия бул багыт үчүн ыңгайлуу өлкөлөрдүн бири. Бул жерде көп жылдан бери «Көк саякат» (Blue Voyage) салты калыптанып, саякатчыларга деңизде эс алып, жашыруун булуңдарды кыдырып, жаратылыш менен жакындан байланышууга шарт түзөт. Саякат Эгей деңизиндеги Измир аймагындагы Чешме жана Алачатыдан башталып, андан ары Бодрум, Датча, Гөжек жана Фетхие аркылуу уланат. Бул аймактар тунук деңизи, кооз булуңдары, яхта маршруттары жана суу спорту менен белгилүү.
Бодрумда салттуу түрк гулетасы менен саякаттап, сүзүү, сноркелинг жана дайвинг менен алектенүүгө болот. Датчада байыркы Книдос шаары, ал эми Фетхие аймагында Өлүкдеңиз лагунасы, байыркы Каунос жана Изтузу жээги саякатчылардын кызыгуусун жаратат.

«Көк саякаттын» багыты Антальянын Каш жана Кекова аймагында жыйынтыкталат. Бул жерде дайвинг, байыркы суу алдындагы шаарды байдарка менен көрүү, ошондой эле Аспендос, Патара сыяктуу тарыхый жайларга баруу мүмкүн.
Түркиядагы «Көк саякат» -деңизде эс алуу менен катар жаратылышты, тарыхты, жергиликтүү ашкананы жана жай турмуштун ырахатын айкалыштырган өзгөчө саякат тажрыйбасы.



