Чек-ара чыры чыгып ок атышуу болуп жаткан Баткендин Көк-Таш айылынан 400дөн ашуун жергиликтүү жаран эвакуацияланып, коопсуз жайга жеткирилген.
Баткен облусундагы кабарчыбыз Айжамал Мырзадөөлөт кызы билдирген маалыматка ылайык алар Баткен шаарындагы социалдык мекемелерге жайгаштырылган. Учурда турак жай, тамак аш менен камсыздалууда…
Коопсуз жайга негизинен жаш балдар, аялдар жана карылар жеткирилген.
Ошол эле учурда БишкекОш шаарынан активисттер, эвакуацияланган жергиликтүү тургундарга жардам иретинде, тамак ашына каражат топтоо акцияларын башташты.